Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын мурунку башчысы кармалды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын мурунку башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын негизинде кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы башчысы С.Р.К. жана курулуш компаниясынын директору Д.А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан