Бишкекте күжүрмөн ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Бишкекте күжүрмөн ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Ал эми 11-мартта укук коргоо кызматкерлери тарабынан борбор калаанын 1991-жылы туулган тургуну, мурда тоноо фактысы боюнча соттолгон М.И. аттуу жаран кармалган.

Шектүүнүн жашаган жерине кечиктирилгис тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана 44 огу табылган.

Азыркы учурда табылып алынган ок атуучу курал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандын жогорудагыдай кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан