Муфтият Түркияга жардам катары дагы 3 миллион сом которду

Бүгүн, 14-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы боордош Түркия мамлекетинде катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга 3 миллион 39 миң 989 сом акчалай жардамды бирдиктүү эсепке которду. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

"Анын ичинде Талас облустук казыяты 1 миллион 376 миң 50 сом, Нарын казыяты экинчи жолу 238 миң сом тапшырды. Андан сырткары, ишкерлер, кайрымдуу инсандар жардам колун сунушкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, муфтият буга чейин элден топтолгон 16 миллион 417 миң 294 сом акчалай жардам которгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан