Бишкекте Central Asia Fashion Awards (CAFA) мода дүйнөсүндөгү мыктыларды тандоо салтанаты Орто Азия өлкөлөрүндө алгачкы ирет Кыргызстанда өттү.
Салтанатта “Мыкты дизайнер”, “Жылдын модели”, “Мыкты моделдик агенттик”, “Жылдын дебюту”, “Мыкты этнокутюр” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр сыйланды.
Аталган иш-чарага Chery автобренди демөөрчү болду. Chery Кыргызстандагы алгачкы ирет ачылган расмий Кытай автосалону. Демөөрчүлөрдүн айтымында, алардын максаты Орто Азиядагы мода индустриясын өнүктүрүү. Иш-чаранын жүрүшүндө Tiggo 4 Pro жана Tiggo 8 Pro автоунаалары көрсөтүлдү. Жогорудагы унаалар Кыргызстандын жолдоруна жана климатына ылайыкталган.
Компания унаа сүйүүчүлөрүнө Chery үлгүсүндөгү 5 орундуу кроссоверлерден 7 орундуу жол тандабастарга чейин сунуштайт. Бардык Pro версиялары жана 8 Pro Max биздин рынок үчүн жеткиликтүү.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанга келген Chery үлгүсүндөгү алгачкы унаалар өз ээлерин тапкан. Аларды өлкөбүздүн жолдорунан көрүүгө болот.
Автоунааны 5 жылга чейин насыяга алууга болот. Aлар бир нече банктар менен кызматташат.
Автосалон Бишкек шаарындагы Анкара, 6/1 дареги боюнча жайгашкан.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>