Эртеңден баштап Бишкек менен Чүйдө үч буттуу камералар иштеп баштайт

15-марттан тарта Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында көчмө аппаратык-программалык комплекстер иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"Жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында эртеңки күндөн тартып, Бишкек жана Чүй аймактарында көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштеп баштайт", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин, аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулуп, коомчулукка маалымат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан