Милиция чет өлкөлүк студенттерге өлкөдө жүрүү эрежелерин түшүндүрдү

ИИМдин кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кенен түшүндүрмө беришти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда айтылгандай, жолугушуу 14-мартта өтүп, ага Авиценна эл аралык медициналык университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер катышты.

"Анда Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге өлкөдө жүрүү эрежелерин, Кыргызстандын аймагында мыйзамдарды бузгандыгы же укук бузуулары үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертип, кенен түшүндүрүп беришти.

Ошондой эле алар чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөө керектигин айта кетишти", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары жолугушууда студенттер кызыктырган суроолоруна жоопторду алышканы айтылат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан