Бишкекте уурулукка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, былтыркы жылдын 6-октябрында А.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Ал арызында 25-сентябрь күнү Гоголь көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубдардын биринде жеке буюмдары салынган сумкасы уурдалганын анын негизинде 14 миң сом өлчөмүндө зыянга учураганын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, 205-берене (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Т. аттуу 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (702) 17-45-35, 0 (554) 84-97-84 же 102 телефондоруна кайрылыңыздар",- деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан