Садыр Жапаров Анкарага иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында өлкө башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезексиз саммитине катышат.

"Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын башчылары катышат. Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУда байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары катышат", - деди Азымбакиев.

Мындан тышкары сапардын алкагында Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу пландалууда. Анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан