Бишкектен Ташкентке чейин көп орундуу автобустар жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" ишканасы эске салат.
Автобустар күн сайын саат 16:50дө жана 19:00дө Батыш автобекетинен жөнөп кетет.
Билеттин баасы 2 миң сом.