Ырчы Гүлзат Байзакованын уулу Орусиядагы музыкалык шоуго катышууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакованын уулу Камбар Орусияда өтө турган “Битва каверов” аттуу масштабдуу музыкалык шоуго “Кайрос” аттуу топтун курамында катышууда. Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн ырчыга байланыштык.

“Уулум Камбар “Кайрос” тобунда клавишада ойнойт. Жакында эле маданият кызматкерлери менен биргеликте Питерге концертке барып келишкен. Уюштуруучулар концерттен көрүп, долбоорго чакырышты окшойт. Буюрса, 24-мартта “СТС” каналында долбоордун алгачкы берүүсү көрсөтүлөт. Жеңүүчү добуш берүү жолу менен аныкталат экен.

Камбар тун уулум. 3 баланын атасы, келинчеги дагы музыкант. Ал кичинекейинен музыкага жакын. Алгач, П.Шубин атындагы музыкалык мектебинде билим алды. Андан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайын аяктап, Консерваторияда билимин улантты. Белгилүү ырчыларга, тасмаларга жана мультфильмдерге аранжировка-музыка жазат. Музыкант, композитор катары абдан билимдүү”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан