Бишкекте кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Ага балдар ата-энелери менен бирге катыша алат. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдалды.
Белгиленгендей, прикладдык искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстарды Свердлов районунун акимчилиги уюштуруп жатат.
Мастер-класстар ар жума күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү график боюнча өткөрүлөт.
17- март – "Чий чырмакчылык"
24 -март – "Өнөр kg" (кийизден жасоо)
31 -март – "Көркөм моделдөө" (чопо)
7 -апрель – "Кыргыз оймосу" (кийиздөө)
14- апрель – "Чебер даркан" (комуз жасоо тарыхы)
21-апрель - "Мурас" ( улуттук сувенирлерди чыгаруу)
Катышуучулардын саны чектелген, андыктан катышуу үчүн төмөнкү номерлерге алдын ала жазылуу керек: 0500606509, 0555696209