Беларуста 25-марттан тарта мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасы күчүнө кирет

Беларуста 25-марттан тарта мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасы күчүнө кирет. "Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө" мыйзамга өлкө президенти Александр Лукашенко кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жаңы мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктер жана аскер кызматкерлери өлүм жазасына тартылат. Мындан сырткары, бул мыйзам терроризмди үгүттөө, Куралдуу Күчтөрдү дискредитациялоо жана мамлекеттик сырды сактоо талаптарын бузуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин да киргизет.

Документ боюнча мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти басып алуу максатында кутумга барууга, тыңчылык кызмат көрсөтүүгө шектелген кишилерди камакта кармоо мөөнөтү үч суткадан он суткага чейин жогорулайт. Шектүүгө айып тагуу мөөнөтү 20 суткага чейин көбөйөт.

Диверсия жасоого даярдык көргөн, бирок кийин ниетинен баш тарткан жана бул сыяктуу кылмыштарды бөгөттөөгө көмөк көрсөткөн кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Бүгүнкү күндө Беларусь Европадагы жана КМШдагы өлүм жазасы колдонулган жападан жалгыз өлкө.
Калкты каттоо жана демография менен алектенген World Population Review (WPR) уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын аягында өлүм жазасы дүйнөнүн 55 өлкөсүндө, анын ичинде АКШ, Кытай, Ооганстан, Индия, Иран, Бразилия, Куба, Чили, Тайвань, Таиланд, Сингапур жана Японияда сакталып калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан