Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп Мурат Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан кабарланды.
Буга чейин Осмонов Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.