“Даңазалуу кылым” сериалында Сулеймандын султандын энеси Валиденин ролун аткарган түркиялык актриса Небахат Чехре 79 жашка чыкты. Ал 1944-жылы 15-мартта Самсун шаарында төрөлгөн. Апасы Мюзейен үй кожойкеси болсо, атасы Иззет Чехре юридикалык кеңседе иштечү. Тилекке каршы, атасы 1949-жылы жүрөк оорусунан улам каза болуп калган. 5 жаштагы Чехре үчүн бул оор жоготуу болгондуктан, өгөй атасын такыр кабыл ала алган эмес. Мындан улам келишпестиктер пайда болуп, болочоктогу актриса өз алдынча жашоо баштоону ойлонот.
15 жашында “Түркия периси” наамын жеңип алгандан кийин, ага мүмкүн болгон эшиктердин баары ачыла баштайт. Алгач, өз өлкөсүндөгү подиумдарды багындырса, кийин кино ааламын багындырып, актриса тууралуу дүйнө жүзү сөз кыла баштайт. Актрисанын алгачкы тартылган тасмасы “Боз торгой”, ал эми калың элге “Тыюу салынган сүйүү” сериалы аркылуу таанымал болгон.
Дүйнөлүк атактуулукту Небахат Чехреге “Даңазалуу кылым” сериалындагы Валиденин ролу алып келди.
Небахат Чехре 1967-жылы түркиялык сценарист жана продюсер Йылмаз Гүнейге турмушка чыккан. Жолдошу актрисанын чыгармачылыкты таштап, үйдө отуруусун каалагандыктан, түйгөйлөр көпкө узабай эки ажырым жолго түшкөн. 1976-жылы “Галатасарай” баскетболдук клубунун оюнчусу Явуз Демир менен баш кошуп, экинчи жолдошу үчүн дагы карьерасын таштаган. Бирок бул никеси 3 жылга чейин гана узаган.
15-мартта карата жылнаама.