Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамына ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден депутат кирди:
Комиссия Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат. Аягында көпчүлүк добуш менен чечилет.
Мыйзамга ылайык, депутатка кылмыш ишин козгоо, аны жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Ага байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын ("Адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер") негизинде жоопко тартуу сунуштамасын кечээ парламентке киргизген.