Шашылыш билдирүү! Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
"15-марттан 19-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Кара-Гөө, Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында, Ийри-Суу тилкесинде, Чычкан капчыгайында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот", - деп айтылат маалыматта.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан