Эртең, 16-мартта Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Ал эми Нарын жергесинде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +2 … +7, күндүз +7 … +12,
Талас жергесинде түнкүсүн -1 … +4, күндүз +7 … +12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5 … +10, күндүз +12 … +17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1 … +4, күндүз +6 … +11,
Нарын дубанында түнкүсүн 0 … -5, күндүз +5 … +10,
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 … +7, күндүз +7 … +12 градус болот.