36 жаштагы футболчу Жерар Пике мурунку жубайы ырчы Шакиранын жаңы ыры тууралуу биринчи жолу комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Шакира жыл башында мурунку жолдошу жана анын сүйүктүүсү модель Клара Чиа Мартинин мамилеси тууралуу ыр чыгарган. Аталган чыгарма боюнча журналисттердин суроосуна Пике “Ырды уктум. Бирок мен бул тууралуу сөз кылгым келбейт” деп кыскача гана жооп берген.
Пике уулдары Милан жана Сашанын алдында чоң жоопкерчилиги бар экенин кошумчалаган. “Ата-энелер ар дайым балдарын коргошу керек. Мен балдарымдын жакшы болуусун каалайм. Алар менен дайыма жакын мамиледе болгонмун. Мени алардын бактысынан өткөн эч нерсе бактылуу кыла албайт”, - дейт спортчу.
Эске салсак, жылдыздуу түгөйлөр Шакира менен Жерар Пике 2022-жылы 2-июнда эки жолго түшүшкөн. Буга футболчунун ырчынын көзүнө чөп салгандыгы себеп болгон.