Кадырбеков Орусияда кыргызстандык эне-бала баңгизат менен кармалганын айтты

Орусияда кыргызстандык эне-бала баңгизат менен кармалды, алар кутумдун (подстава) курмандыгы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Депутаттын айтымында, ага эки күн мурун Орусияда жүргөн жарандар кайрылган.

"Апасы менен кызы чогуу баңгизат менен кармалыптыр. Бул маселени буга чейин деле айтып келебиз. "Подстава" деп коёт муну. Ошол жактагы наркобизнестин өкүлдөрүбү же алар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен иштешеби билбейм, айтор ошолордун торуна түшүп калып жатышат. Мурда бирден түшсө, эми үй-бүлөсү менен түшүп жатат.

Бул маселе боюнча миграция кызматына "аз убакытта көп акча убадалаган жумуштарга азгырылбагыла, курьер катары жумушка алып, силерге карата кутум уюштурат деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө" деп айттык эле. Ушул боюнча ИИМ же ТИМ болобу атайын нота жөнөтүп, биргелешкен комиссия түзүп бир карайлычы. Эмнеге ошондой кулактандыруу чыгарган шылуундар кармалбайт дагы, аларга алданып калгандар кармалып, камалып жатат? Канча деген жаштардын тагдыры талкаланып жатат", - деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал камалып кеткендерди мекенине экстрадициялоо дагы өзүнчө чоң көйгөй болуп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан