Өзгөндө тогуз жашар кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Өзгөндө укук коргоо органдары тогуз жашар кызды зордуктоо фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 14-мартында өспүрүмдүн ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анда кызы зордукталгандыгын билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен каттоого алынган. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда кылмышты аныктоо жана ага шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан