SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларды баяндоону улантат.
Тологонова Кайыргүл Алтынбековна 1989-жылдын 16-ноябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан өжөр, ачык сүйлөгөн сапаты бар. Бала кезинен эле медицина кызматкери болууну кыялданчу.
Ошол эле кезде аскер кызматкерлерин көрүп, көмүскө кыялы пайда болгон. Ак халатчандардын катарына кошулуп, элине ак кызмат көрсөтүү максатынын арты менен орто мектепти аяктаган соң Жалал-Абад медициналык колледжине тапшырып, алгачкы эмгек жолун 2012-жылы Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканасында хирургия бөлүмүндө баштаган.
Арадан бир жыл өтпөй эле, экинчи кыялы да орундалып, 2013-жылы аскер кызматына чакырылат. Ошондо Кайыргүл Тологонова ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 2-өзүнчө куткаруу отрядында дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалган. Аталган кызматта 5 жыл кызмат өтөгөндөн кийин, 2018-жылы Баткен шаарындагы Үчүнчү издөө-куткаруу отрядынын медпункт башчысы кызматына дайындалган.
“Баткен мен үчүн көп жакшылыктын, ийгиликтин жери болду”, - дейт Кайыргүл. 5 жылдан бери Баткенде жашап, иштеп, дос-курбу, кесиптештери менен бир туугандык жакын мамиле күтүүгө жетишкендигин сыймыктануу менен айтат.
“Кубанычтуу да, оор да күндөр өттү. 2022-жылы апрель айындагы кагылышууда Көк-Таш айылына өздүк курам менен барганбыз. Ошондо ок атышууларды, жарадар болгон жарандарды өз көзүм менен көрдүм. Бир аскер кызматкеринин колуна ок тийип, ага биринчи медициналык жардам көрсөттүм. Ошондой кырдаалда адам дагы да чыйралып, кайраттанып, күчтүү боло түшөт экенсиң. Коркуу деген сезим таптакыр болгон жок”,- дейт каарманыбыз.
Ал ошол эле учурда жабыр тарткан жергиликтүү жарандарга, көбүнчө эркектерге медициналык жардам көрсөтүп, Мекен алдында берген антына бек туруп, кызматтык милдетин кынтыксыз аткарууга бар күчүн жумшаган.
Каарманыбыз кызматтан кийин кадимки үй кожейкеси. 12 жаштагы эгиз уул-кызынын кыял-максаты, алардын болочогу тууралуу азыртан кам көрөт. Апасынын жолун жолдоп, уулу учкуч, ал эми кызы медицина кызматкери же журналист болууну самайт.