Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына кезектеги билдирүүсүн жарыялады.
Ал кыска билдирүүсүндө өлкөнүн мыйзамынын маанилүүлүгү тууралуу айтты.
"Акча менен бийлик мамлекеттин мыйзамдарынан жогору турбашы керек!", - деп жазды Ташиев.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсүн Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча жазылган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.