Владимир Путинге АКШнын учкучсуз учагы менен болгон окуя жеткирилди

Орусиянын президенти Владимир Путин Кара деңиздин үстүндө америкалык MQ-9 учкучсуз учагы менен болгон окуя тууралуу маалымат алганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Окуя тууралуу мамлекет башчыга жана Жогорку Башкы колбашчыга маалымат берилбегенин кандай элестетесиз? Албетте, андай болушу мүмкүн эмес. Албетте, аларга маалымат жеткирилди", - деген Песков.

Дмитрий Песковдун айтымында, Орусия-АКШ мамилеси учурда эң төмөн абалда экенин белгилеп, ошол эле учурда Орусия конструктивдүү диалогдон эч качан баш тартпаарын баса белгилеген.

14-мартта америкалык MQ-9 Reaper учкучсуз учагы Кара деңиздин үстүндө байкалган. Учкучсуз учак башкаруудан чыккан. АКШ мунун себебин Су-27 согуштук учагынын дронго тийгизген кооптуу маневри деп билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учкучсуз учак Украинадагы согуш башталгандан бери Орусиянын аба чек арасын бузуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан