Ысык-Көлдөн 1100 метр тор жана 700 килограмм таштанды чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 12-марттан 15-мартка чейн Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен жалпы 1100 метр балык уулоочу тор, 700 килограммдан ашык таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тазалоо иши жуманын иш күндөрү 8 сааттан жүрүүдө. Ал эми жаан жааган жана катуу шамал учурунда иш убактылуу токтотулуп турат.
Эске салсак, "Ысык-Көлдү коргойлу" аталышындагы масштабдуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде уюштурулду. Көлдүн флора, фаунасына жана тазалыгына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясынын булганган тилкелерин камтып, 1-2 жылга чейин уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан