Ысык-Көлдө кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБи тарабынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, кармалган жаранга 2016-жылы Каракол шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) негизинде айыпталып жаткан.
"Кылмышка шектүү Ак-Суу районунун Совет айылынын 45 жаштагы тургуну А.С. Бишкек шаарынан кармалды. Ал Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди" деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Издөө" операциясынын алкагында милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы Ш.А. аттуу тургунун да кармоого үлгүрүштү.
"Ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал кылмышты Каракол шаарында жасаган. Кармалган жаранга карата 2022-жылдын апрель айында Каракол шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган болчу", - деп билдиришти милициядан.