Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы Чеченстанда саламаттыкты сактоо тармагынын куратору болду. Тиешелүү тапшырманы аталган республиканын башчысы Рамзан Кадыров бергенин Чеченстандын вице-премьер-министри Адам Алханов билдирди.
Бул кызматка дайындалганга чейин Хутмат Кадырова Чеченстандын башчысынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
"Бул чечим Хутмат Рамзановнанын жетекчилиги астында реабилитациялык чөйрө жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн даана көрүп жатканыбыздын негизинде кабыл алынды. Эми реабилитациялык чөйрөдө топтолгон билим жана тажрыйба бүтүндөй аймактагы саламаттыкты сактоонун өнүгүшүнө салым кошот", - деди Алханов.
Эске салсак, 2021-жылдын октябрында Чеченстандын башчысынын улуу кызы Айшат Кадырова маданият министри болгон. Кадыровдун 26 жаштагы жээни Хамзат Кадыров аймактын мүлк жана жер мамилелери министри болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.
Рамзан Кадыров өзү ишенген адамдарды чоң кызматтарга дайындай турганын айткан.