Депутат катышкан мушташ: Шектүүлөр СИЗО-1ге бир айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кылмышка шектүү катары эки киши бир айга камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.

"Кечээ, 15-мартта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан А.Д. жана П.Э. бир айга, башкача айтканда 2023-жылдын 13-апрелине чейин СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Алар 1988-жылы туулган П.Э., 1987-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар экени айтылган.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылган. Ал эми алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, анын башынан жаракат алганы аныкталган.

Ал эми кечээ, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, аны кечиргени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан