Эдил Байсалов Беларустун спорт жана туризм министри менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун маалыматында айтылат.

Жолугушууда маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм тармактарында жана спортчуларды даярдоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле 2023-жылы Беларуста өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин II оюндарын өткөрүү жана ага кыргыз тараптын катышуу маселесин сүйлөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан