Өлкөдө 11 мал базар убактылуу жабылды. Себеби

Кыргызстанда 11 мал базар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, аталган базарлар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылган.

Өкмөттүн токтомуна (ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө) ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн.

"Анын ичинен бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүлдү. Анда 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды" дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан