Бишкекте мектептерде коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырууда (видео)

Бишкектин айрым мектептеринде танапис убагын жана сабактын башталышын эскерткен коңгуроонун ордуна комуз күүлөрү жаңыра баштады. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

"Бул аракет балдарды мекенди, элди-жерди сүйүүгө, патриот болууга, түп башатын унутпоого үндөө максатын көздөй турганы, патриоттуулуктун бир белгиси улуттук музыканы сүйүп угуу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Долбоор азырынча №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99 жана 100 мектептерде иштеп жатат. Анда Нурак Абдрахманов, Асылбек Насирдинов, Закирбек Дүйшөнбеков сыяктуу залкарлардын күүлөрү жаңырууда.

Программа президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас имараттарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" жарлыгынын негизинде ишке ашырылган.

Бишкекте мектептерде коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан