Чаткалда дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Чаткалда дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, кечээ, 15-мартта Чаткал районунун Кайын-Суу айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн атайын ыкчам автоунаа менен 12 куткаруучу тартылган. Натыйжада аталган жарандын сөөгү Чаткал дарыясынын Кайсын-Суу тилкесинен табылып, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан