Түркияда селдин кесепети 14 адамдын өмүрүн алды

Түркиянын Шанлыурфа провинциясында жер титирөө болгон аймакта нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селдин кесепетинен каза болгондордун саны өстү.

Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, кырсыктын кесепетинен 14 адам набыт болгон. Малатьяда жер титирөөдөн жабыркагандар жашаган аймак да селден жабыркады.

Шанлыурфа муниципалитетинин мэри Зейнел Абидин Беязгул Tvnet телеканалында "Дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтар бар, бирок биз аларды тастыктай албайбыз", - деп белгиледи.

Түркиянын Шанлыурфа провинциясында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, ал жердеги оорукананы суу каптап, мектептерде сабактар ​​токтотулганы буга чейин кабарланган болчу.

Белгилей кетсек, Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан