13-мартка караган түнү Лос-Анжелес шаарында болуп өткөн “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи Индия өлкөсү үчүн чоң ийгилик менен коштолду. Алсак, “Мыкты ыр” номинациясы боюнча жеңишке индиялык музыка жаратуучулардын “Naatu Naatu” композициясы жетти.
Ыр Индия кино тарыхындагы эң кымбат делген ”Револяция жакындап баратат” (RRR: Рядом ревёт революция») тасмасынын саундтреги. Музыканын автору белгилүү индиялык композитор Кеервани. Хиттин аткаруучулары Кала Бхайрава менен Рахул Сиплигундж.
”Револяция жакындап баратат” тасмасы бир нече жылда тартылган. Эң таасирдүү жана кымбат делген эпизоду– Украинанын Киев шаарында 2021-жылы августта тартылган. Андагы урунттуу кадрлар клиптин расмий бөлүгүнө киргизилген. Пандемияга байланыштуу британиялык актёрлор Индияга, ал эми индиялыктар Европа Союзуна кирген өлкөлөргө кире албай калышканы үчүн ал жерди тандашкан. Ал эми “Мыкты кыска метраждуу даректүү тасма” деп “Пилдерди арбоочулар” табылды.
Мындай жеңиш индия кинематографисттери жана көрүүчүлөрү үчүн бул күн тарыхый күнгө айланганын, Индия дүйнөдө биринчи орунга чыга аларын көрсөткөнүн дүйнөлүк басылмалар жазышууда.