Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 28 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Министрликтин маалыматка таянсак, ал 9-мартта кармалган.
Шектүү Ингушетия Республикасынын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.
11-мартта Ош шаардык сотунун чечими менен кармалган жаран Х.Р.Ж. №5 тергөө абагына бир айга камалды.