91 жаштагы америкалык модель Кармен Делль Орефиче карьерасын жыйынтыктады

Америкалык модель жана актриса Кармен Делль Орефиче “Vogue” журналынын башкы бетине тартылып, карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 91 жаштагы модель карьерасындагы акыркы съёмка ушул болуусун каалайт. Кармен аталган тармакта 75 жылдан бери эмгектенет. Башка кесиптештери 30 жашында карьерасын жыйынтыкташса, Кармен элдин пикирине маани бербей, ишенимдүү түрдө өзүн ар кандай образдарда сынап келет.

Ал “Дүйнөдөгү эң кары модель” деген титулду алып жүрөт, анын аты официалдуу түрдө “Гиннесстин рекорддор китебине” катталган.

Кармен Делль Орефиче 1931-жылы 3-июнда Нью-Йорктто төрөлгөн. Модель "Даңктуу киши", "Мыйзам жана тартип. Атайын корпус", "Күн кармоочу", "Гуру" тасмаларында роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан