Актриса Асел Чоткараева: "Жашоом 37 жашка чейин жана андан кийин болуп экиге бөлүндү"

Бүгүн, 16-мартта “Министрдин кызынын махабаты” тасмасындагы Мадинанын ролу аркылуу таанылган актриса Асел Чоткараева туулган. Актриса социалдык тармактагы баракчасына “37 жашка чыктым. Бул курагым ийгиликтүү, түшүмө кирбеген жагымдуу окуялар менен башталды. Жашоом 37 жашка чейин андан жана кийин болуп экиге бөлүндү” деген билдирүүсүн калтырган.

Актриса айымды туулган күнү менен куттуктап, жагымдуу окуя боюнча маалымат алуу үчүн байланышка чыктык.

“Бүгүн маанилүү иш-чара бар болгондуктан туулган күнүмдү жакындарым менен эртең тосом. Белектер быйыл аябай эрте келди, эң кымбаты балдарымдыкы болду”, - дейт ал.

Асел Чоткараева 1986-жылы 16-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунда төрөлгөн. Балалыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Ал Бишкек шаарындагы №52 мектепте 9-класска чейин окуган. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссёрлук боюнча билим алган. Актрисалыктан сырткары кыска документалдуу тасмаларды тартып жүрөт. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын апасы.

16-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан