Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин Дүйшөнбү (Душанбе) шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.
Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.