Телеалпаруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева "Ынтымак" көк бөрүчүлөр командасын сый тамакка чакырды. Алып баруучу айым аталган улуттук оюнду үй-бүлөсү менен жакшы көрөрүн айтат.
"Ынтымак" командасы менен жакшы мамиледе болгонума 5 жылга чукулдап калды. Буга чейин дагы өзүмдүн белектеримди берип, социалдык тармактардан маалымат жагынан колдоп келчүмүн. Аталган команданын логотиби түшүрүлгөн футболка кыздар арасында менде гана бар. Буга чейин "Ынтымактын" жигиттерин "чайга чакырам" деп убада берген элем. Анан сөзүмө турайын деп сый тамакка чакырып, аларга ак калпак кийгизип, ар бирине үй-бүлөбүздүн атынан акчалай сыйлык тапшырдым. Сый тамакты Ноорузга жакын болчу оюн алдында жигиттерге дем-күч берүү максатында уюштурдум.
Негизи эле үй-бүлөбүз менен улакты жакшы көрөбүз. "Келечектеги жигитим же жолдошум улакчы болсо" деп тамашалап калчумун", - дейт ал.
Белгилей кетсек, "Ынтымак" командасы Бишкекте өтүп жаткан Нооруз турниринде Жогорку Лигада оюн алып барат. Команда Ысык-Көлдүн "Мурас" жана Оштун "Достук" командасы менен "В" тайпасына туш келген.