Токиодо сакура быйыл эрте гүлдөдү (фото)

Быйыл Токиодо сакура дарагы 10 күн эрте гүлдөдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Адатта ал март айынын аягы, апрель айынын башында гүлдөчү. Аталган шаарда ханами мезгилинин салтанаттуу ачылышы 14-мартта өлкөнүн ири каналдарынын түз эфиринде көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, сакура Япониянын улуттук бренди. Жыл сайын сакуранын гүлдөшүн жергиликтүү тургундар эле эмес, чет элдик туристтер да көрүүгө байма-бай келип турушкандыгы маалым.

Сакура – Ыраакы Чыгышта (Орусия, Кытай, Кореянын чыгышы, Япония жана Филиппин) өсүүчү роза түркүмүндөгү декоративдүү дарак. Гүлдөрү да сакура деп аталат. Жазында 7-10 күндөй гүлдөп турат, гүлдөрү ак өңдөн ачык күлгүн түскө чейин болот.

Японияда сакуранын 350дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү селекциялык жол менен алынган. Мажүрүм талдай самсаалап өсүүчү түрү абдан кооз жана гүлдөрү күлгүн түстө.
Жазында, сакура гүлдөөрдө Японияда атайын штаб түзүлүп, адамдар ишке алынат. Алар сакура кайсы жерде кайсы датадан баштап гүлдөй баштаганы тууралуу маалыматты чогултуп, күн сайын телевидение, гезиттер аркылуу жарыялап турушат. Ал кабарлар боюнча аймактын тургундары ханами – гүлдөгөн сакура майрамын өткөрүүгө киришишет.
Сакуранын гүлүнө суктануу жөрөлгөсү 7-кылымда башталган. Ак сөөктөр сакура багында гүлүнө суктана отуруп ичип-жеп, музыка угуп, көңүл ачуучу оюндарды ойноп эс алышкан. Ханами ошондон бери үзгүлтүксүз майрамдалып келет. Майрам алча гүлдөп бүткөнгө чейин, тагыраагы, 7-10 күнгө дейре созулат. Түнкү ханамини ёдзакура (түнкү сакура) деп аташат.

Эске салсак, былтыр, 2022-жылы биринчи сакура гүлдөрү 11-мартта гүлдөп баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан