Балыкчы-Каракол унаа жолунун жээгинен жансыз денеси табылган жигиттин аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
"Жансыз денеси табылган жигиттин аты-жөнү аныкталды. Жансыз денеге карата экспертиза жүргүзүлгөн, жыйынтыгы чыга элек", - деди өздүк булак.
Кечээ, 15-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Балыкчы-Каракол унаа жолунан 25 метр алыстыкта, Өрнөк айылына жакын жерде белгисиз жигиттин жансыз денеси табылгандыгын билдирген.
Ошондой эле облустук милиция табылган жансыз дененин өздүгү аныкталбай жатканын айтып, коомчулуктан жардам сураган.