Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтор Голд Компани" ЖАКтын алтын казып алуусун жана сатуусун, Кыргызстандын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.
Анда депутаттык комиссия “мыйзам бузуу катталган эмес” деген тыянак чыгарды. Жыйынга "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын президенти Алмаз Барыктабасов жана жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиевдин айтымында, 2023-жылдын 30-январына карата Улуттук банктын алтын запасы 45 тонна 306 килограмм 16 граммды түзөт.
"Анын ичинде Улуттук банктын сактоочу жайында 43 тонна 444 килограмм 13 грамм алтын бар. Улуттук банктын контрагенттигинде, швейцариялык банкта 1 тонна 362 килограмм 30 грамм алтын сакталууда", - деди Малиев.
Ошондой эле ал комиссия “Кумтөр голд компани”, “Кыргыз алтын” жана Улуттук банк тарабынан алтынды казып алуу, сатуу жана сактоодо турган, ташыган учурда уурдоо, сатылган алтындын санын, сапатын, наркын атайын бурмалоо фактылары жок деген жыйынтыкка келгенин билдирди.
Жыйынтыгында депутаттар тарабынан берилген сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен тиешелүү Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100 пайыз акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Мындан улам өткөн жылдын 28-сентябрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.