"Кудайберген" базарынын жанындагы жерди 15 жыл бекер пайдаланып келген адам аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинде жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдагы токтомунун негизинде жаран К.И.ге Бишкек шаарынын П.Лумумба көчөсүндөгү "Кудайберген" автоунаа тетиктер базарынын айланасында жайгашкан, аянты 0,40 гектар жер тилкеси убактылуу пайдаланууга, ижара шартында 5 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилгендиги аныкталган.
Андан кийин жаран К.И.нин доо арызынын негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 11-июлундагы чечими кабыл алынып, аталган муниципалдык участокко К.И.нин менчик укугу таанылган жана ушул соттун чечиминин негизинде “Кадастр” мекемесинин Бишкек филиалы тарабынан жогоруда аталган жер участогуна К.И.нин менчик укугу катталган.
Натыйжада, баасы 98 миллион 800 миң сом болгон муниципалдык жер тилкеси К.И.нин жеке менчигине бекер өтүп, 2007-жылдан бери, тактап айтканда 15 жылдан ашык убакыт бою акысыз бул участокту пайдалангандыктан аталган жарандын карызы карызы 4 миллион 400 миң сомду түзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2012-жылдагы 11-июлундагы чечими 2013-жылы эле Бишкек шаардык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимдери менен жокко чыгарылгандыгы аныкталган. Бирок, жогору турган сот инстанцияларынын чечимдери К.И.нин аталган жер тилкесине болгон жеке менчик укугун жокко чыгаруу үчүн каттоо органына жиберилген эмес.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жана "Кадастр" МИнын Бишкек филиалынын дарегине прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, аларды кароонун жыйынтыгы менен жалпы баасы 98,8 миллион сомдук жер участогу муниципалдык менчикке кайтарылды жана жер тилкесин иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн мамлекеттик бюджетке 1 миллион 600 миң сом акчалай өндүрүлдү", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан