Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Аталган мыйзамда ККМ, ЭТТК, Эсеп-фактура колдонуу, бирдиктүү салык режимдерин киргизүү жана башкалар каралган. Эми ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Ошондой эле депутат Марлен Маматалиевдин ЭТТН боюнча ишкерлерге карата айып пулдарды 1 жылдык мөөнөткө колдонбой туруу боюнча сунушу колдоо тапты.
Автор: Бек ОморбековФото: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы