"Сый акы катары алган". Бөлтүрүктүн “Кумтөрдөн” канча акчаны негизсиз алганы айтылды

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтор Голд Компани" ЖАКтын алтын казып алуусун жана сатуусун, Кыргызстандын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.
Комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев Башкы прокуратуранын өндүрүшүндө 1 миллиард 146 миллион 449 миң сом финансылык мыйзам бузуулар боюнча иш каралып жатканын билдирди. Анын алкагында төрт кылмыш иши ачылып, 9 адам айыпталууда. Бүгүнкү күнгө чейин 642 миллион 839 миң сому мамлекетке өндүрүлүп алынган.
Ошондой эле ал компанияны сырттан башкарып турган Теңгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдын 17-майынан тартып 2022-жылдын 11-февралына чейин алган сый акылары тууралуу маалымат берди.
“Теңиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп турганда 480 миң 633 доллар сый акы катары алган. 2022-жылдын 11-февралында ал кызматынан бошотулган. Бирок ага карабай, август айына чейин дагы “Кумтөр голд компани” ишканасынан 403 миң 185 доллар негизсиз сый акы алган. Андан тышкары 25 миң 514 доллар аванска алган карызын жапкан жок”, - деди Малиев.
Жогорку Кеңеш 16.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан