Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-мартта министр Каныбек Иманалиев Гапыр Мадаминов менен жолугушту.
Жолугушууда Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүлүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.
Гапыр Мадаминов "Ой өрүшү - кругозор", "Устаттык өнөр", "Ата-энелер сиздер үчүн" жана башка бир канча китептердин автору. Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназияны негиздеген.