MC Doncha деген каймана аты менен белгилүү болгон вайнер Данияр Токтомаметов үйлөндү. Бул жагымдуу кабарды ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу маалымдады.
“Кечээ жашоомдогу эң чоң кадамдардын бирин жасадым. Мен үйлөнүү чечимин кабыл алдым”, - дейт ал.
Маалыматка ылайык, Данияр Токтомаметов Айдай аттуу кыз менен баш кошкон.
Эске салсак, MC Doncha "Слёзы текли вверх" аттуу ыры менен белгилүү болгон. Аталган ырды ал белгилүү орусиялык рэп аткаруучулар Jah Khalib жана Тимати менен чогуу аткарган.