Иранда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:17де Түркия менен чек арага жакын жайгашкан Хой шаарында катталган.

Кабарлангандай, кырсыктын очогу 16 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөө Урмия жана Тебриз шаарларында да сезилген.

Курман болгондор жана кыйроолор тууралуу толук маалымат айтыла элек.

28-январда Хой шаарында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, 3 адам каза болуп, 1167 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан