Бишкекте "Эркиндик жана адилеттүүлүк" аталышындагы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил багында "Эркиндик жана адилеттүүлүк" аталышындагы митинг өтүүдө. Анда жарандар Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган активисттерге боштондук берүү талабы менен чыгышкан.

Нааразычылык акциясына катышкандар "Саясий туткундарга боштондук", "Ак ийилет, бирок сынбайт", "боштондук" деген жазуулары бар плакаттарды жана учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган активисттердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан.

Алар камакта отурган активисттерди бошотуу талабын айтышууда.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Милиция кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда борбор калаадагы кафелердин биринде өткөн жыйыны негиз болгонун билдирип, аларга карата коюлган айыптар боюнча далилдер жетиштүү экенин белгилеген. Ал эми кармалгандар муну саясий куугунтук катары баалап, күнөөсү жок экендигин айтып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан