Президент Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Монументке гүл койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Буга чейин Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, Аксы окуясынын өлкө тарыхындагы ордуна токтолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан