УКМК менен ИИМ биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында издөөдө жүргөн Кыргызстандын А.А. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогорудагы кармалган жаран жарандардын ишенимине кирип, УКМК жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алган.
Азыркы учурда аталган жарандын жасаган кылмыштарынын бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.